Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Баткенде селдин кесепети такталып бүтө элек


Селден кийинки көрүнүш. Куткаруучулар иштеп жаткан кез. 19-июль, 2021-жыл.
Селден кийинки көрүнүш. Куткаруучулар иштеп жаткан кез. 19-июль, 2021-жыл.

Баткен облусунда 19-июлда бир адамдын өмүрүн алган селдин зыяны толук такталып бүтө элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймакта ондогон адистер жана техникалар тазалоо иштерин улантып жатканын кабарлады.

Дүйшөмбү күнү Баткен жана Лейлек райондорунун бир топ аймактарында сел жүргөн. Жараталыш кырсыгында 16 жаштагы өспүрүм курман болду.

Лейлек районунун Ак-Терек айылында 25 турак үй, бир мектеп, бир бала-бакча жана бир мечиттин короосу, ички чарбалык жолдор жабыркады.

Баткен районунда чарбалык көпүрөлөр, жолдор бузулуп, электр мамылары жыгылды. Бир нече турак үйлөрдүн короолорун суу каптады.

Ушул күнү кошуна Тажикстанда да сел агызып кеткен 12 адам өлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG