Электр энергиясы тармагындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Кыргызстанда октябрга чейин жарык өчүрүлүп турат. Бул тууралуу "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчисинин орун басары Замирбек Хожамамбетов 20-июлда "Биринчи радионун" эфиринен айтты. Ал муну күз-кыш мезгилине карата даярдык деп түшүндүрдү.
Май айында "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ишканасы элге кайрылып, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган. Анда 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгили электр тармагындагы дефициттен улам катаал болору айтылган.
Токтогул суу сактагычында жылдагыдан суу азайып, июлда 11 миллиард кубметрден жогорулай баштаган.
Кыргызстан жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат. 2021-жылы электр энергиясынын таңкыстыгы 3 млрд. кВт саат деп эсептелип, кошуна өлкөлөрдөн алына баштаган.
Бийлик электр энергиясынын баасын көтөрүүнү демилге кылып, кайра токтоткон.
Кыргызстандын калкын жарык менен төрт ишкана тейлейт:
- "Түндүкэлектр" - Чүй, Талас облустары жана Бишкек шаары;
- "Чыгышэлекто» - Ысык-Көл жана Нарын облустары;
- "Ошэлектр" - Ош, Баткен облустары жана Ош шаары;
- "Жалалабатэлектр" - Жалал-Абад облусу. (SE)