Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:03

Украин президенти "түпкүлүктүү элдер тууралуу" мыйзамга кол койду


Украина. Крым. Крым-татарлары.
Украина. Крым. Крым-татарлары.

Украин президенти Владимир Зеленский "түпкүлүктүү элдер тууралуу" мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам крым татарлары, караимдер жана крымчактар сыяктуу элдерге аныктама берип, аларды тааныйт.

Мыйзамды Зеленский өзү демилгелеп, Украинанын Жогорку радасы аны 1-июлда колдогон.

Мыйзамдагы "түпкүлүктүү эл" түшүнүгү Украинанын аймагында тили, каада-салты жана маданияты калыптанып, өзүнчө өнүккөн жана сырткары аймакта мамлекеттик түзүмү жок этникалык азчылыктарды аныктайт.

Ошондой эле, бул мыйзам түпкүлүктүү элдердин этнос катары укугун бузуудан, маданиятын жок кылуудан жана отурукташкан жерлеринен көчүрүүдөн сактоо боюнча укуктук кепилдиктерди берет. Мындан сырткары алардын маданиятынын, маалымат алуу укугун жана билим берүүсүнүн туруктуу өнүгүүсүнө мамлекеттик кепилдик берилет.

Мыйзам жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Түпкүлүктүү элдер тууралуу" мыйзамдын иштелип чыгышы Орусиянын жогорку кызмат адамдарынын ачуусун келтирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG