Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Сабалган баланын окуясы саясий талкууга айланды


Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.
Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдө спорттук машыгууда жүрүп сабалган орус тектүү кыргызстандык тогуз жаштагы баланын окуясы боюнча талкуу токтой элек.

Талкууга жем таштаган патриархтын пикири

Орусиянын патриархы Кирилл Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда спорттук машыгууда жүрүп токмок жеген орус улутундагы баланын үй-бүлөсүнө кат жөнөткөнү эки апта мурунку окуяны кайрадан талкууга чыгарды. 7-июлда жергиликтүү бир катар массалык маалымат каражаттары баланын ата-энесинин жактоочусунун сөзүнө таянып, спорттук машыгуу учурунда жеткинчек диний көз карашынан улам токмок жегенин жазышкан болчу.

19-июлда Орусия патриархынын сайтында билдирүү жарыяланып, анда патриарх Кирилл улуту жана дини үчүн ур-токмокко алынган бала тууралуу кабарды чочулоо менен кабыл алганы жана жабыркаган балага көңүл айтканы жазылган. Ошондой эле баланын өзүн жакындары менен Москванын православдык ыйык жерлерине зыярат кылып, ишенимин бекемдөөгө чакырды.

Патриарх Кирилл.
Патриарх Кирилл.

“Тынчтык жана тартипке жоопкер болгон бийлик өкүлдөрү келечекте улуту жана диний ишенимге байланыштуу мындай учурлардын кайталанбашын алдын аларына ишенебиз”, - деп жазылат билдирүүдө.

Ага чейин 10-июлда Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги
“Твиттердеги” баракчасына токмок жеген бала боюнча абалга көз салып жатканын жазган болчу.

14-июлда Россотрудничества агенттигинин жетекчиси Евгений Примаков “бала этникалык орус жана православ болгону үчүн сабалганы белгилүү эле” деп, кыргыз бийлигинен териштирүүнү талап кылган. Ошондой эле, бир катар орусиялык басылмалар “бала диний ишениминен улам сабалды” деп жазып чыгышты.

Кыргыз бийлиги жооп берген жок

Расмий Бишкек азырынча Орусиянын патриархы Кириллдин, Россотрудничестваны жетекчилигинин билдирүүсүнө үн ката элек. Баланын ата-энеси жана жактоочусу дагы комментарий бергенден карманууда.

Кыргыз интернет айдыңында коомдук ишмер, жарандык активисттер Орусиянын ар кандай мекемелеринин баланын окуясына көңүл бурганын ар кандай талдап жатышат. Айрымдар жеткинчектердин чырын тыкыр иликтөө талабы туура экенин, бирок улут, диний боёк сүртүп, ырбатпоого чакырууда.

Жарандык активист Умай Арыкова баланын окуясын саясий курал катары пайдаланууга аракет болуп жатат деп эсептейт.

Умай Арыкова.
Умай Арыкова.

“Албетте, баланын окуясы өкүнүчтүү. Бирок, учурда бул окуяны пайдаланып, шыкактоо болуп жатканын көрүп турабыз. Орусиядагы биздин мигранттардын балдары көп кабылган ушундай эле окуяларга көңүл бурбаган мамлекеттик массалык маалымат каражаттары шыкакчы болуп жатат. Андыктан мен турмуштук чырды саясий максатта колдонуп жатат деп эсептейм. Патриарх баланы өзүнө чакырып, “динди коргогон” деп айтып жатат. Диндин бул жерде кандай тиешеси бар экени түшүнүксүз. Балдардын турмуштук чырынан динди басынтуу дегенге баратышат. Эгерде ар бир окуяны ушундай кыла берсек бул өтө жаман жана коркунучтуу көрүнүш”, - деди Арыкова.

Муфтият балага көңүл бурду

Ал ортодо 19-июлда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү токмок жеген баланын өзү жана атасы менен жолугуп, дин, улут аралык мамилени бекемдөө жөнүндө сүйлөшкөнү белгилүү болду. Алар Ислам дининде башка диндерге карата толеранттуу мамиле кылынаарын түшүндүрүшкөн. Ал жолугушуу жөнүндө муфтий Замир Ракиев мындай деди.

Замир Ракиев.
Замир Ракиев.

“Ал жерде бир гана максат - баланын көңүлүн көтөрүү, биздин динде бирөөнү зордоо, анын ишине кийлигишүү жок экенин жакшылап түшүндүрүү болчу. Мен ошондой тапшырма бергем. Исламда башка диндерге толеранттуу мамиле кыларын айтып кетким келет”, - деди Ракиев.

Ошондой эле, алдыдагы жума намаздарда баланы толеранттуулукка тарбиялоо жөнүндө баяндар айтылары кабарланды.

Окуянын чоо-жайы

7-июлда юрист Индира Саутова Ысык-Көл облусундагы дзюдо секциясынын машыгуусуна барган бала сабалганын Kaktus.media басылмасына айтып берген. Анда Саутова орус тектүү кыргызстандык бала машыгууга чогуу баргандардан катуу таяк жегенин билдирген.

“Машыгууда жыйырмадан ашык баланын арасында ал жалгыз славян улутунда болгон. Бала жети күн ичинде катуу токмок жеген. Анын айтымында уктоо маалында 12-13 жаштагы балдар сабашкан”.


Кыргызстандагы Балдардын укугун коргоо лигасы уюму окуяны тыкыр иликтөө зарыл экенин белгилеп, бийлик органдарына кайрылган. Орусиянын патриархы Кириллдин реакциясынан кийин, уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекова мындай пикирин билдирди.

“Мамлекеттик органдар баланы коргоо үчүн бардык чараларды көрүштү, өкмөт башчы биринчи күндөн баштап өз көзөмөлүнө алган. Дзюдо федерациясынын президентти баладан жана анын үй-бүлөсүнөн кечирим сурады. Машыктыруучу балдар менен иштөөдөн четтетилди. Эки тарап элдешти, конфликт жоюлду”, - деди Турдубекова.

Ал ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарында бала улуту жана динине карабай корголорун кошумчалады.

Бул окуяны Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов көзөмөлүнө алып, териштирүүнүн негизинде жыйынтык чыгарыларын маалымдаган. Өкмөт тараткан маалыматка ылайык, сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен баланын ден соолугуна жеңил зыян келтирилгени аныкталган. Ал эми өлкөнүн Дзюдо федерациясы баладан жана ата-энесинен кечирим сураган билдирүү таратты.

Машыгуу федерация тарабынан өткөрүлбөгөнүн маалымдап, машыктыруучу Айганыш Аманова расмий спорттук иш-чаралардан четтетилгени айтылды. Учурда федерация дагы ички иликтөө жүргүзүп жатат. Ички иштер министрлиги баланын сабалганы жөнүндө иш иликтенип жатканын билдирди.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG