Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Жогорку сот “Биздин Кыргызстан” партиясын колдогон чечим чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку сот Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышып, экинчи орунга чыккан “Биздин Кыргызстан” саясий партиясын колдогон чечим чыгарды. Соттун 30-июлдагы токтомун партиянын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов жарыялады.

Токтомдо Бишкектин Административдик сотунун чечими күчүндө калтырылганы жазылган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн.

Ош шаарынын Аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, БШКга бекитүүгө жөнөткөн. Ага ылайык, мандаттар төмөндөгүчө бөлүштүрүлмөк: “Ата-Журт Кыргызстан” – 19, “Биздин Кыргызстан” – 15, “Улуттар Биримдиги” – 7, “Бир Бол” – 4.

26-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Биздин Кыргызстан" добуш сатып алууга аралашканын билдирип, анын алган добуштарын жараксыз деп тапкан жана тизмеден чыгарган.

28-июлда Бишкектин Административдик соту БШКнын бул чечимин жокко чыгарган.

29-июлда БШК Жогорку сотко арызданып кайрылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG