Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

АКШ Өзбекстанга Moderna вакцинасынын 3 млн. дозасын берди


30-июлда коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн 3 млн 60 доза Moderna вакцинасы жүктөлгөн учак АКШдан Өзбекстанга келип конду.

АКШда өндүрүлгөн Moderna вакцинасы эл аралык COVAX программасынын алкагында Өзбекстанга жардам иретинде акысыз берилди.

Гуманитардык жардамды Ташкендин аба майданынан Өзбекстандын Саламаттык сактоо тармагынын жетекчилери кабыл алды.

АКШнын адистери аталган вакцинаны коронавируска каршы 94 пайыз натыйжалуу деп сыпатташкан. Аны 18 жаштан өткөндөр эки дозада бир ай аралык менен алат.

Гуманитардык жардам катары берилген 3 млн. 60 доза Moderna вакцинасы менен Өзбекстандын жалпы вакциналык запасынын көлөмү 12 млн. 580 миңден ашты.

Вашингтон буга чейин Тажикстанга 1,5 миллион доза Moderna вакцинасын берген.

Moderna вакцинасы АКШда кеңири колдонулган үч вакцинанын бири. Ошондой эле, бул вакцина Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бекиткен дүйнөдөгү беш препараттын бири.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG