Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:13

ӨКМ нөшөрдөн улам дарыялардын деңгээли көтөрүлөрүн эскертти


Каракол суусу.
Каракол суусу.

3-августтан 4-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо катуу жааган жаандан улам дарыяларда суу кириши күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап арыктарды, суу өткөн түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл экенин эскертет. Ишке жергиликтүү калкты жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу керек экенин белгилеген.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG