Жер көчкү жана күтүлүп жаткан "Лулит" тайфунуна байланыштуу кеминде 291 миң адам коопсуз жакка көчүрүлөт. Эн-эйч-кей каналы дүйшөмбүдө маалымдагандай, тайфун Хиросима, Симанэ прэфектураларында жана борбордук Айти тарапта болушу мүмкүн. Ошол эле убакта жапон бийлиги өлкөнүн түштүк батыш аймагындагы ыктымал эвакуацияны токтотту.
Тайфун жүрүп жаткан аймактардагы шамалдын ылдамдыгын секундуна 35 метрге чейин жетүүдө. Ушул тапта "Лулит" Жапониянын батышынан түндүк-чыгыш тарабына көчө баштаганы кабарланды.
2019-жылы Жапониядагы "Хагибис" тайфунунан 73 киши каза болуп, 10дон ашык адам дайынсыз жоголгон.
Дагы караңыз
Facebook шеринеси