Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Бишкекте жана бир катар аймактарда электр энергиясы өчүрүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Түндүк электр" жана "Ош электр" ишканаларынын маалымдашынча, 9-августта Бишкек шаарынын, Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясын берүү чектелет. Борбор калаанын түштүк-чыгыш аймактарында түшкө чейин, борбордук жана түштүк-батыш райондорунда түштөн кийин электр энергиясы өчүрүлөт.

Ал эми Чүй, Талас облустарынын айрым аймактарында, Оштун Кара-Суу, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун айрым айылдарында күндүз саат 9:00-17:00 аралыгында электр энергиясын берүү чектелет.

Маалыматка ылайык, электр энергиясын берүүнү чектөө кышкы жылуулук сезонуна карата даярдык көрүлүп жатканына байланыштуу. Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу октябрга чейин жарык өчүрүлүп турары мурда эскертилген.

Кыргызстан жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат. 2021-жылы электр энергиясынын таңкыстыгы 3 млрд. кВт саат деп эсептелип, кошуна өлкөлөрдөн алына баштаган.

Бийлик электр энергиясынын баасын көтөрүүнү демилге кылып, кайра токтоткон. Кыргызстандын калкын жарык менен төрт ишкана тейлейт:

"Түндүкэлектр" - Чүй, Талас облустары жана Бишкек шаары;
"Чыгышэлекто» - Ысык-Көл жана Нарын облустары;
"Ошэлектр" - Ош, Баткен облустары жана Ош шаары;
"Жалалабатэлектр" - Жалал-Абад облусу.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG