Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:55

Францияда нааразылыктарга карабай өткөрмө режими ишке кирди


Санитардык өткөрмө режимине каршылык билдирип жаткан франциялыктар. Август, 2021-жыл.
Санитардык өткөрмө режимине каршылык билдирип жаткан франциялыктар. Август, 2021-жыл.

"Жашыл паспорт" деп аталган санитардык өткөрмө кагаз 9-августтан тарта Францияда коомдук жайларга кирүү үчүн башкы документ болууда.

Азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн тышкары тамактануучу жайларга, кинотеатрларга, транспортко жана башка коомдук жайларга мындай паспорту жоктор кире албайт. Эмделгени же ПЦР тесттен таза чыкканы тууралуу QR кодду жарандар кагаз жүзүндө же кол телефонунда ала жүрүүгө тийиш.

Алыска каттаган поезддерде да "жашыл пропуск" талап кылынууда. Жүргүнчүлөр платоформаларда гана эмес, вагондордо да текшерилип жатканын Франциянын Транспорт министрлиги маалымдады.

Австрия, Венгрия жана Данияда өткөрмө режими бир нече аптадан бери иштеп жатат. Өткөн жумада бул режимди Италия да киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG