Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Балдардын оюн-зоок борборундагы окуя боюнча айып беренеси өзгөрөт


SMagic оюн-зоок борборунун тасмасынан алынган сүрөт. Бишкек. Август, 2021-жыл.
SMagic оюн-зоок борборунун тасмасынан алынган сүрөт. Бишкек. Август, 2021-жыл.

Бишкектеги SMagic балдардын оюн-зоок борборунда кызматкер кызды коюп жиберген кишинин иши боюнча айып беренеси өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы маалымдады. Маалыматка ылайык, бул иш боюнча соттук-медициналык жана соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Берененин өзгөрүшү экспертизанын корутундусуна байланыштуу болот.

2-августта Бишкектеги SMagic паркында баласын аянтчага ойноткону алып барган адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Окуянын видеосунда эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, бир убакта үстөлдө жаткан калькулятор менен уруп жибергенин көрүүгө болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) шектүү адамга Кыргызстанда Конституция боюнча орус тили кыргыз тили сыяктуу эле мыйзамдуу макамга ээ экени тууралуу расмий эскертүү берген. Милиция Жазык кодексинин “Майда ээнбаштык” деген беренеси менен иш козгогон. Айрым интернет колдонуучулары ээнбаштык катары эмес, улут аралык кастыкты козутуу катары каттоого алуу керектигин жазышкан.

Бул окуядан улам Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский 10-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин астында бир канча тарапташы менен нааразылык акциясын өткөрдү. Ал Орусиянын Кыргызстандагы элчисин токтоосуз чакыртууну жана бардык соода-алаканы токтотууну талап кылып, кыргызстандык эмгек мигранттарын депортациялоо керектигин айтты.

Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий деген макамга ээ.(ZKo)

XS
SM
MD
LG