Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:13

Акимдерге жолтандабас алынбай турган болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров райондук администрация башчыларына (акимдерге) 60 миллион сомго унаа сатып алуу үчүн жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу 13-августта мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды", - деди Эрбол Султанбаев.

Президенттин иш башкармалыгынын 60 миллион сомго 40 машине сатып алууга жарыялаган тендери коомчулуктун сынына кабылды.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында президенттин иш башкармалыгынын алдындагы "Автотранспорт" бирикмеси 60 миллион сомго жарыялаган тендердин талабына ылайык, 40 жол тандабас автоунаа алынышы керек. Техникалык талапка жараша машинелер заводдон 2021-жылы чыгарылып, айдалбаган жана ак түстө болушу зарыл.

60 миллион сомго кандай машине келет?

60 миллион сомду 40 машинеге бөлгөндө ар бири 1 млн. 500 миң сомдон айланат. Жарандык активисттер бул акчага анча чоң эмес жол тандабастары келерин, мындай автоунаалардын сапаты начар болорун айтышууда.

Каралган акчага сапатсыз автоунаалар алынышы мүмкүн дегендердин бири жарандык активист Шайырбек Маматокторов бюджеттин таңкыстыгы күчөп турган учурдагы бул тендерди бийликтин ойлонулбаган кадамы, ыксыз чыгымы деп атады.

"Аймактарда тоют жок, суу тартыш, азык-түлүк кымбаттады. Ушундай кезде кайдагы машине? "Пир во время чумы" деп коет. Акимдер жалтыратып жаңы машинени кайсы бети менен айдайт? Мен төлөгөн салыгымдан аткаминерлерге машине мингизгим келбейт. Мейли десең 18 миң долларга кыйраткан жаңы машине келеби? Rena же орустардын машинеси келет. Ал оокат болбойт. Бул жөн эле тендер менен бирөөнү байытып, казынадан чыгым кылуу", - деди Маматокторов.

Акимдердин статусу жана автоунаа

11-августта жарыяланган тендер жөнүндө журналисттер жазып чыккандан кийин социалдык тармактарда сын күчөдү. Бир күндөн кийин президенттик аппарат тендер боюнча түшүндүрмө берип, муну “бийликтин вертикалын чыңдоо, акимдердин статусун жогорулатуу максатында кабыл алынган чечим" деп жооп берди.

Ошондой эле, президенттин аппараты район акимдеринин кызматтык унаасы 13-15 жыл мурда алынганын белгилеп, аларды оңдоого республикалык бюджеттен каражат сарпталып жатканын билдирди.

"Жаңы машинелерди материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жакшыртуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрация башчыларынын (акимдердин) ишинин ыкчамдуулугун жогорулатуу максатын көздөйт. Бийликтин вертикалын чыңдоо, акимдердин статусун жогорулатуу максатында автопаркты жаңылоо чечими кабыл алынды".

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов район башчыларына автоунаа алып берүү демилгесин колдойт. Эл өкүлүнүн пикиринде, аймак жетекчилеринин ишмердүүлүгү жакшы автоунаа менен байланыштуу.

Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

“Акимдер ошол машинеге түшүп алып чардабайт. Алардын деле абалы чатак. Биз кызмат кылдырабыз десек шарт түзүп беришибиз керек. Мен муну колдойм. Алар ар кимге дубанадай болуп суранып жүрүшөт, көз каранды болуп калат”.

Оштогу Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев жергиликтүү админстрацияга караштуу эски "Нива", "Волга" машинелери бар экенин айтты. Аймактын шарты катаал болгондуктан жакшы жүргөн машина керекке жарай турганын белгиледи.

"Мен өзүм үчүн жооп берейин, Чоң-Алайда шарт катаал. Тың машине болсо жакшы болмок. Бийлик бардык мамлекеттик транспорттордун санын эсептеп, ашык болсо алат, муктаждык болсо берет болуш керек. Мен акимдерге автоунаа берет деген маалыматты Интернеттен окудум", - деди ал.

Анткен менен жарандык активист Урмат Насыкулов автоунаа алып берүү менен акимдерге шарт түзүлөт дегенге кошулбайт. Ал учурда район башчылык кызматтагылардын колу жука, алдында унаасы жоктору саналуу гана деген пикирде.

Насыкулов акимдерге ак жолтандабас алып берүү демилгеси эмнеге сынга кабылып жатканын өлкөдөгү абал менен байланыштырды.

“Менмче өлкөдө крисиз мындан дагы күчөйт. Ошол учурда акимдер жолтандабас айдасын деген туурабы? Азыр Кыргызстандын аткаминерлери "жолтандабас минем" деген учурбу? Өнүккөн Европада аткаминерлер коомдук транспорт колдонуп же велосипед тебет. Ошол акчага чек арачылардын техникалык базасын чыңдап берсе болмок”, - деди Насыкулов.

Акимдердин автоунаа сатып алышы өлкөдө кымбатчылык күчөп турган учурга туш келүүдө. Маселен, азык-түлүктүн, башка товарлардын жана тейлөө кызматынын баасы өткөн жылдын декабрына салыштырганда 10,5% өстү. Айрыкча элге күнүмдүк керектелүүчү суу май, ун, кумшекер сыяктуу азык-түлүк, айрым товарлардын наркы 20-30%, кээлери 40-50% чейин кымбаттады.

Кыргызстанда аткаминерлерге алынган жолтандабас чыры биринчи жолу болуп жаткан жок. 2016-жылы Транспорт министрлиги кытай компаниясынан белекке алган жолтандабасты коомчулуктун сынынан кийин кайра өткөрүп берген.

Андан кийин Кытай элчилиги Ош шаарынын мэрине жана Ош шаардык милиция башчысына бирден кызматтык жолтандабас белек кылганы коомдо катуу талкууланган. 2019-жылы парламенттеги сындан кийин Саламаттык сактоо министрлигине сатылып алынган кымбат баалуу автоунаалар өкмөттүн гаражына өткөрүлүп берилген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG