Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Салыкка байланыштуу турукташтыруу фонду түзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда фискалдык саясаттын негизги багыттары боюнча даярдалып жаткан атайын долбоордун алкагында өзүнчө фонд түзүлөт. Өкмөттүн маалыматына караганда, бул турукташтыруу фонду бюджеттик каражаттарды экономикалык өнүгүү боюнча артыкчылыктуу программаларды каржылоо үчүн топтоого мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, бюджетти орто мөөнөткө пландоо азыркыдай үч жыл эмес, беш жыл болору пландалууда.

Аталган долбоор талкууланган жыйында пандемиянын айынан экономикада оор кесепеттер болгону, азыр абал турукташа баштаганы, республикалык бюджетке салык көбүрөөк түшө баштаганы айтылды.

Министрлер кабинети экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу сунуш кылган мыйзамды Жогорку Кеңеш жактырып, президентке кол коюуга жөнөткөн. Ишкерлер өкмөттүн бел демилгесине каршы болуп жатышат.

Кыргызстандын экономикасы жарым жылдын расмий жыйынтыгында быйыл 1,7% төмөндөдү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG