Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Орусияда полиция Навальныйдын тарапкерлерин суракка алды


Орусияда абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын командасы ишке ашырган долбоорлорго тиешеси бар адамдардын үйлөрүнө милиция кызматкерлери келип, суракка алышты. Бул тууралуу «ОВД-Инфо» укук коргоо порталы билдирди. Андагы маалыматка ылайык, 17-августтун кечинде Навальныйды колдогон 20 чакты адамга полиция кызматкерлери келип, суракка алышкан.

Милиция кызматкерлери суракка алган адамдардын баарынын аты-жөнү, дарегин камтыган маалыматтар базасы апрелде интернетке тарап кеткен эле. Анда Алексей Навальный баштаган долбоорлорду колдогондор, каражат которгондор жөнүндө маалыматтар камтылган. Навальныйдын тарапкерлери бул үчүн саясатчынын командасынын мүчөсү болуп жүргөн Федор Горожанкону айыпташкан. Бирок ал мындай дооматтарды четке кагып келет.

Аталган маалыматта аты-жөнү бар адамдар кийин ар кыл басымга туш болуп, айрымдары жумуштан бошотулган.

17-августта бул базада аты аталган адамдардын үйлөрүнө барган полиция эмне себептен Навальныйды колдой турганы жөнүндө суроолорду берип, тактаганга аракет кылышкан.

Орус бийлигинин башкы сынчысы болгон Алексей Навальный быйыл жыл башында Германиядан дарылануудан келген соң кармалган. Ал учурда Владимир облусундагы түрмөдө жазасын өтөп жатат.

Орус бийлиги Навальный түптөгөн фонд, штабдарды экстремисттик деп таап, ишмердик жүргүзүүгө тыюу салган. Оппозициячыл саясатчынын бир катар үзөңгүлөштөрүнө кылмыш иши козголуп, айрымдар Орусиядан чыгып кетүүгө аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG