Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Орусияда аскердик учак кулады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Астрахан облусунда МиГ-29 үлгүсүндөгү аскердик учак кулап, учкучу набыт болду. Шаршембиде учак пландалган машыгууну өткөрүп жатканда кырсыкка кабылган. МиГ-29 Ашулук полигонунун аймагына кулаган.

Алдын ала маалымат боюнча кырсыкка учактын тетиктеринин иштен чыгышы себеп болгон. Учурда кырсыктын себептерин аныктоо иштери башталды.

Эки күн мурун Москва облусунда Ил-112В үлгүсүндөгү жүк ташуучу учактын жаңы үлгүсү кулаган эле. Машыгуу учурунда кыймылдаткычы өрттөнүп, конгонго жетишпей калган. Учактагы экипаждын үч мүчөсү тең мерт болгон.

XS
SM
MD
LG