Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Орусияда ооган аялдарын колдоп акцияга чыккандар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Москвада Ооганстандын элчилигинин алдына ооган аялдарынын укугун коргоп, 23-августта пикетке чыккан алты кишини полиция кармап кетти. Бул тууралуу "ОВД-Инфо" маалымат сайты кабарлады.

Кармалгандардын арасында "СоцФемАльтернатива" уюмунун активисти Ксения Безденежных менен "Социалисттик альтернатива" бирикмесинин мүчөсү Илья Луховицкий да бар болчу. Алардан сырткары дагы үч адам колдоруна плакат көтөрүп турушкан. Алтынчы адам колуна эч кандай плакат көтөрбөй эле турганына карабай, аны да полиция кармап кетти.

Пикетке чыккандар ооган аялдарына тилектештик билдирип, алардын укугун басмырлоого каршы экенин гана билдирип турган.

Кармалгандар полиция бөлүмүнө алып барылып, ал жактан Ксения Безденежныхка акциялардын эрежесин экинчи ирет бузганы боюнча протокол толтурулуп, бир күн бөлүмдө калтырылды. Аны менен кошо дагы бир кызга ушул эле берене менен протокол түзүлдү. Калган төрт кишиге "макулдашылбаган акцияга катышканы үчүн" деген берене боюнча эскертүү берилип, үйлөрүнө коё берилди.

Ооган аялдарына тилектештик боюнча акциялар Санкт-Петербург шаарында да болуп өттү. Бирок ал жакта кармоолор болгон эмес.

Талибдер 15-августта Ооганстандын борбору Кабулга кирип барып, өлкөнү толук көзөмөлгө алганын жарыялаган. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен.

Талибандын өкүлү Забиулла Муджахид маалымат жыйынында эми шарият мыйзамдары менен жашоо баштала турганын жарыялап, бирок аялдар менен балдардын окуусуна уруксат берилерин айткан.

Ооганстандагы көпчүлүк укук коргоочулар алардын убадасына ишенбей жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG