Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Ле Дриан: "Талибан" Кабул аэропортун башкарууну Түркия жана Катар менен сүйлөшүүдө


Талибдер Кабулдагы Хамид Карзай атындагы эл аралык аэропортко америкалыктар чыгып кеткенден кийин киришти. 31-август, 2021-жыл.
Талибдер Кабулдагы Хамид Карзай атындагы эл аралык аэропортко америкалыктар чыгып кеткенден кийин киришти. 31-август, 2021-жыл.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан "Талибан" Кабулдагы эл аралык аэропортту башкарып, өлкөдөн чыгууну каалагандардын кадимки коммерциялык каттамдар менен учуп кетүүсүн жолго коюуну Түркия жана Катар менен сүйлөшүп жатканын айтты.

"БУУнун Коопсуздук кеңешинин аэропорттун коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу резолюциясы аткарылууга тийиш", - деди министр Ле Дриан 31-августта француз телеканалына берген интервьюсунда. Анын алдында АКШ ооган жергесинен аскерлерин толук чыгарып кетип, 20 жылдык аскердик миссиясы аяктаганын жарыялаган.

"Ушул тапта аэропортту башкаруу тууралуу катарлыктар жана түрктөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз болсо аэропорттун коопсуз болушун талап кылышыбыз керек", - деп кошумчалады Ле Дриан.

Буга чейин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркияга талибдер Кабул аэропортун башкарууну сунуштаганын билдирип, бирок ага жооп берише электигин айткан.

30-августа БУУнун Коопсуздук кеңеши "Талибандан" Ооганстандан чыгып кетүүнү каалагандардын "жолун тоспойбуз" деген убадасын аткарууга чакырган резолюция кабыл алды. Ошондой эле, резолюцияда көрсөтүлгөндөй, Ооганстандын жаңы бийлиги өлкөгө гуманитардык жардам киргизип, адам укуктарын коргоп жана терроризмге каршы күрөшүүгө тийиш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG