Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:37

Президент Жапаров эл аралык армия оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлады


Кыргызстан сынакка Т-72 танкы менен катышкан. Cүрөт "Телеканал Звезда" YouTube каналынын түз эфиринен алынды.
Кыргызстан сынакка Т-72 танкы менен катышкан. Cүрөт "Телеканал Звезда" YouTube каналынын түз эфиринен алынды.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, аскер кызматкерлерине – VII эл аралык армия оюндарынын (АрМИ-2021) алкагында өткөн "Танкалык биатлон" жана "Десанттык взвод" мелдештеринин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

"Биздин танкисттерибиз сегиз мамлекеттин командалары менен мелдешсе, курсант-десантчыларыбыз 12 өлкөнүн командасы менен күч сынашты. Натыйжада, жалпы дүйнө жүзү Кыргызстандын бийик көтөрүлгөн байрагын жана эң жогорку ардак тактада улуу Манастын татыктуу урпактарын көрүштү", - деди президент.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерине энчилүү сааттарды тапшырды, алардын айрымдарына президенттин атынан ыраазычылык каты берилди. Мындан сырткары, “Танк биатлону” менен “Десанттык взвод” сынактарынын катышуучуларына мелдештерде жеңиши үчүн акчалай сыйлык катары президенттин резервдик фондунан 1 млн. 880 миң сом бөлүндү.

VII эл аралык армия оюндары 22-августтан тартып 4-сентябрга чейин 11 мамлекет аймагында өткөрүлгөн. Алар: Алжир, Армения, Беларус, Вьетнам, Иран, Катар, Казакстан, Кытай, Орусия, Сербия жана Өзбекстан. Мелдештер бир учурда 23 аскер машыгуу талаасында жана Каспий, Аравий, Жапония деңиздеринин сууларында өткөн. Ага 42 өлкөдөн 277 команда курамында 5 миңден ашуун аскер кызматкери катышкан.

Кыргызстандын курамасы "Танкалык биатлон" жана "Десанттык взвод" экинчи дивизионунун финалынын жеңүүчүсү катары, кийинки жылы биринчи дивизион курамында катышуу укугун алган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG