Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Путин Москвада Башар Асад менен жолукту


Орусиянын президенти Владимир Путин айланасындагылардын биринен коронавирус аныкталып карантинге кетерден мурун Москвада Сириянын президенти Башар Асад менен жолукту. Бул тууралуу Кремлдин сайтында шейшемби күнү кабарланды.

Анда Путин Асадды президенттик шайлоодо утуп чыкканы менен куттуктап, акыркы жылдардагы кыйынчылыктарга карабай ишеним көрсөткөнүн билдирген. Ал ошондой эле Сирия оппозициясы менен диалог куруу зарылдыгын белгилеген.

Орус президенти Сириянын башкы көйгөйү катары чет элдик аскерлердин мыйзамсыз жайгашканын атап, бирок кайсы өлкөлөрдүкү экенин тактаган эмес.

Башар Асад болсо Путинге колдоосу жана жардамы үчүн ыраазылыгын билдирип, оппозиция менен диалог үч жыл мурда токтогонун кабарлаган.

Путин менен Асад акыркы жолу 2020-жылы Дамаскта жолуккан. Анда орус президенти Сириядагы орусиялык аскерлердин командалык пунктун зыярат кылган.

Сирияда кезектеги президенттик шайлоо май айында өтүп, анда Башар Асад утканы кабарланган.

Өлкөдөгү жарандык согуштун тутанганына 2011-жылы Асадга каршы нааразылык акциясына чыккандарды бийлик күч менен басуу аракети түрткү болгон.

Он жылдан бери токтобой келаткан куралдуу кагылышуулар жарым миллиондой адамдын өмүрүн алды. Миллиондогон кишилер үй-жайын таштап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG