Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Канар аралдарында жанар тоо атылып, миңдеген адам эвакуацияланды


Канар аралдарында атылып жаткан жанар тоо. 19-сентябрь, 2021-жыл.
Канар аралдарында атылып жаткан жанар тоо. 19-сентябрь, 2021-жыл.

Канар архипелагынын тутумуна кирген Ла-Пальма аралында жанар тоо атылып, 19-сентябрда төрт кыштактын тургундары коопсуз жайга көчүрүлдү.

Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчес Ла-Пальма аралына жергиликтүү бийлик менен шашылыш сүйлөшүү жүргүзүү үчүн барды.

Канар аралдарынын президенти Анхель Виктор Торрестин айтымында, беш миңдей киши эвакуацияланды.

Окумуштуулар өткөн жумада жанар тоо жайгашкан аймакта 22 миңден көп жолу жер силкингенин байкашкан.

Вулкандын атылышына жердин титиреши түрткү болгону маалымдалды. Соңку ирет жанар тоо 1971-жылы атылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG