Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Камактагы Алмаз Сарыбаев бир аптадан бери ачкачылыкты улантууда


Алмаз Сарыбаев
Алмаз Сарыбаев

Бийликти басып алууга шек саналып камалган Алмаз Сарыбаев бир аптадан бери ачкачылык кармоону улантууда. 24-сентябрда анын абалын дарыгерлер текшерип, ачкачылыкты токтотууга чакырганын атасы Айылчы Сарыбаев "Азаттыкка" билдирди. Омбудсмендин кеңсеси да муну бышыктап, бирок Сарыбаев ачкачылыкты улантып жатканын айтты. Анын абалы тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымат алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген шек менен эки айга камалган Алмаз Сарыбаев 17-сентябрда протест катары ачкачылык жарыялаган.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Сарыбаевди 15-сентябрда кармаган. Ал Жазык кодексинин 309-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу") боюнча иликтөөнүн алкагында айыпталууда.

Сот анын бөгөт чарасын 16-сентябрда карап, Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган. Коронавирус пандемиясындагы шартка ылайык, ал эки жума шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында болуп, анан №1 тергөө абагына которулат.

Алмаз Сарыбаев - "Толубай" банкынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү.

Быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов да бийликти басып алууга шек саналып камалган. Асанов да, Сарыбаев да тагылып жаткан айыптарды четке кагышкан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG