Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Актер Марат Шаймухамедов каза болду


Марат Шаймухамедов.
Марат Шаймухамедов.

24-сентябрда, 59 жаш курагында театр жана кино актеру, Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын сахна чебери Марат Шаймухамедов жүрөгү кармап көз жумду. Бул тууралуу аталган театрдын эмгек жамааты билдирүү таратты.

Марат Шаймухамедов Ташкент шаарындагы Театралдык институттун “Куурчак театрынын артисти” бөлүмүн бүткөн. 1988-жылы Самарканд, Ташкент шаарларынын театрларында эмгек жолун баштап, Бишкектеги республикалык Муса Жангазиев атындагы куурчак театрына келип кирген. Отуз жылдан ашык убакытта балдар үчүн көптөгөн спектаклдерде ролдорду жараткан.

Алар: “Эң кыйын бала Федра”, “Страустун балапанынын окуясы”, “Теремок”, “Хечо жалкоо жөнүндө”, “Жаңгактын чыбыгы”, “Аист балапаны жана Каракчы”, “Сыйкырдуу чака”, “Күндүн нуру” жана башка балдар үчүн классикалык чыгармалар анын репертуарынан орун алган.

Ошондой эле, Шаймухамедов “Узбекфильм” киностудиясы тарткан “Акыркы инспекция”, “Колуктуну узатуу”, “Эмирдин жашыруун саякаты” фильмдеринде, “Довженко” атындагы киностудия тарткан “Король Артурдун окуялары”, “Эшикте янкилер” кинофильмдеринде да ролдорду жараткан. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG