Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:44

Талас обладминистрациясы УКМКнын маалыматын четке какты


Талас облустук администрациясынын сырткы көрүнүшү. Иллюстрациялык сүрөт.
Талас облустук администрациясынын сырткы көрүнүшү. Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) облустук акимчиликте коррупциялык схема аныкталды деген маалыматын четке какты. Бул тууралуу 30-сентябрда облустук бийлик расмий билдирүү таратты.

Облустук бийлик УКМК өкүлчүлүктүн 2020-жылга чейинки ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзгөнүн, маалымат анын жыйынтыгына негизделгенин билдирип, атайын кызмат айткан "коррупциялык схемаларга" азыркы облус жетекчилеринин тиешеси жоктугун кабарлаган.

УКМК 29-сентябрда Талас обладминистрациясында коррупциялык схеманы аныктаганын маалымдаган. Анда айрым кызматкерлер өкүлчүлүктүн имаратында жайгашкан бөлмөлөрдү коммерциялык жана коомдук уюмдарга ижарага берип, андан түшкөн каражаттарды өзү алып жүргөнү айтылган.

Мындан тышкары ыйгарым укуктуу өкүлдөр үчүн курулган турак жайдын коммуналдык кызматтарына жана аталган үйдү коргоого мамлекеттик бюджеттен акча мыйзамсыз төлөнүп турганы белгиленген. Коррупциялык схемадан мамлекетке 15 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилгени кабарланган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG