Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

Президент Жапаров кыргызстандык балбандарды куттуктады


Алтын медал тагынган Айсулуу Тыныбекова. Осло шаары, Норвегия. 5-октябрь, 2021-жыл.
Алтын медал тагынган Айсулуу Тыныбекова. Осло шаары, Норвегия. 5-октябрь, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров учурда Норвегияда өтүп жаткан күрөш чемпионатында жеңишке жетишкен кыргызстандык балбандарды ийгилиги менен куттуктады.

Мамлекет башчы куттуктоосун "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Ал 5-октябрь күнү Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча алтын медал тагынган Айсулуу Тыныбекованы, күмүш медал уткан Эрназар Акматалиевди жана коло медал алган Алибек Осмоновду да куттуктады.

"Бул жеңишиңер жалпы кыргыз элине чоң кубаныч тартуулады. Элибиз сүйүнүп, жетине албай турган чагы!", - деп жазды Садыр Жапаров.

28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова спорттун жалпы олимпиадалык 29 түрүнөн Дүйнө чемпионатынын финалына эки жолу чыгып, эки жолу тең дүйнө чемпиону болгон кыргызстандык алгачкы спортчу.

Күрөштүн бул түрүнөн дагы бир кыргызстандык Айпери Медет кызы бүгүн, 6-октябрда 76 килограмм салмакта коло байге үчүн күрөшөт.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда.

Бүгүн, 6-октябрда 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова алгач түштүк кореялык Минжи Ха менен күрөшөт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG