Ош облусундагы Ноокат шаарынын мэри менен мурдагы спикери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шек саналып кармалды.
УКМК тараткан маалыматка ылайык, кармалгандар 2017-жылдан 2021-жылга чейин казынага 15 миллион сом зыян келтирген.
"2021-жылдын 13-октябрында Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Ноокат шаарынын мэри Н.Ж.А. жана мурдагы спикер, азырку учурда Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Г.А.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп жазылат билдирүүдө.
Учурда УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу, бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Буга чейин УКМК Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбековду алдамчылыкка шек санап кармаган. Болотбеков “Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Руслан Чойбеков 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо 300 миң доллар алган” деп тергелип жаткан иштин алкагында шектүү катары камакка алынган.
Кийин ал Башкы прокуратуранын прокурорунун өтүнүчү менен тышка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде бошотулган. Кийин ал кызматтан кете турганын билдирген. (DU)
Facebook шеринеси