Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:39

Байден портторду күнү-түнү иштөөгө чакырды


АКШ, Лос-Анжелес шаарындагы порт. 2018-жылкы сүрөт.
АКШ, Лос-Анжелес шаарындагы порт. 2018-жылкы сүрөт.

АКШ президенти Жо Байден америкалык компанияларды товарларды ташуу иштерин жеңилдетүүгө жардам берүүгө чакырды. Президент 13-октябрда билдиргенине караганда, Калифорниядагы 2 ири порт кемелерди күтүп жаткан контейнерлерге орун бошотуу үчүн күнү-түнү иштеп жатат. Порттордон тышкары бир нече чоң соода компаниялары 24 саат иштөөгө киришмекчи.

Пандемиядан улам товарларды кардарларга жеткирүүдөгү, логистикадагы кыйынчылыктар экономиканы калыбына келтирүүгө чоң тоскоолдук түзүүдө. Бул маселе Эл аралык валюта фондунун, "Чоң Жыйырманын", "Чоң Жетинин" жыйындарында талкууланды.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, кардарларга жеткирилчү жүктөрдүн 8,5% порттордон чыга албай турат. Экономиканын жанданышы суроо-талапты көбөйттү.

Апта башында Эл аралык валюта фонду дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн прогнозун 5,9% кылып төмөндөткөн.

Докладда пандемияга байланыштуу Азиядагы өнөр жай хабдарында товарлар менен камсыздоо үзгүлтүккө учураганы, вакциналардын кедей жана бай мамлекеттер ортосунда адилет эмес бөлүштүрүлүшү белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG