Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:11

ТИМ: Тогуз айда 332 кыргызстандыктын сөөгү чет өлкөдөн алып келинди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2021-жылдын тогуз айында чет өлкөлөрдөгү элчиликтердин көмөгү менен 332 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев 20-октябрда маалымат жыйынында билдирди.

Чет өлкөдө каза болгондордун көпчүлүгү Орусияда. Расмий маалыматтар боюнча дипломатиялык мекемелер аркылуу 2020-жылы Орусиядан Кыргызстанга 285 "Жүк-200" жөнөтүлгөн. Ал эми быйыл беш айда мекенге түрдүү себептерден каза болгон 60 жарандын сөөгү алып келинген.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда, жыл сайын орто эсеп менен 15тей "Жүк-200" мекенине жөнөтүлөт.

Кыргызстандын бир миллиондой жумушка жарамдуу жараны чет өлкөлөрдө убактылуу эмгек миграциясында жүрөт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG