Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Столтенберг: Орусия менен мамиле "кансыз согуштан" берки эң төмөнкү деңгээлге түштү


Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

Түндүк атлантикалык альянстын (НАТО) жетекчиси Йенс Столтенберг уюмдагы орусиялык өкүлдөр аккредитациядан ажыраганын жана НАТОнун Москвадагы кеңсеси жабылганын айтып кетти.

"Бул кансыз согуш бүткөндөн берки эң оор мезгил",- деди Столтенберг.

Октябрдын башында Түндүк атлантикалык альянстагы 8 орусиялык дипломат аккредитациясынан ажыратылып, дагы экөө кызматынан алынган. Орусиянын НАТОдогу миссиясы жыйырмадан 10 адамга чейин кыскартылды. Кремл буга жооп кылып, НАТОдогу миссиясын токтотту. Уюмдун Москвадагы эки кеңсесин жапты.

21-октябрда Брюсселде башталган эки күндүк саммитте НАТОго мүчө өлкөлөр Орусиянын потенциалдуу чабуулдарынан коргонууга багытталган "башкы планды" талкуулашууда. Ошондой эле Ооганстандагы кырдаалдан "алынган сабактар" жана башка негизги маселелер ортого салынат.

Орусия аскердик коркунуч жаратуу ниети жок экенин билдирип, НАТО коргонуу даярдыктары менен Европада туруксуздук жаратып алышы мүмкүн деп эскертип келет.

Батыштагы расмийлердин айтымында, Орусия Украина менен чектешкен аймакка май айында 100 миңдей аскерди топтогон. Бул 2014-жылы Москва Крымды басып алгандан берки эң масштабдуу машыгуу болуп калды.

Москва чек арадан аскерлерин ары жылдырып, чыңалуу басаңдаган менен Орусия Крымды аннексиялап алган соңку жети жылдан бери аскердик кубатын улам арттырып жатканы НАТОго мүчө-өлкөлөрдү тынчсыздандырып келет.

XS
SM
MD
LG