Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:49

Баткенде жоголгон адамдын сөөгү ажатканадан табылды


Окуя болгон жерде тартылган сүрөт
Окуя болгон жерде тартылган сүрөт

Баткендин Бужум айылында 17-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан адамдын сөөгү ажатканадан табылды. Аны өлтүргөн адам сөөктү жиликтеп, өзү жашаган үйдөгү ажатканага ыргыткан деп шек саналууда.

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кылмышка шектелип ушул эле айылда жашаган 31 жана 28 жаштагы бир туугандар кармалды. Бул факты Жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен иликтенүүдө.

Өлтүрүлгөн адам 33 жашта болгон.

Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын июлдагы маалыматына таянып билдиргендей, быйыл Кыргызстанда кылмыштуулук 2020-жылга салыштырмалуу 1,5 эсе өскөн. Адам өлтүрүү 26%, зордуктоо фактылары 34% көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG