Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Президент Садыр Жапаров 23-октябрда журналисттерге маалымат жыйынын өткөрөт


Садыр Жапаров маалымат жыйынында. 12-ноябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров маалымат жыйынында. 12-ноябрь, 2020-жыл.

Президент Садыр Жапаров 23-октябрда ата мекендик жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн кеңири маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.

Иш-чара жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берет. Жыйын 23-октябрда, саат 11:00дө башталат.

Маалымат жыйын КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардан, социалдык түйүндөрдөгү баракчаларда түз эфирде чагылдырылат.

"Азаттык" жыйынды сайтында, Ютуб каналында жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында түз көрсөтөт.

Былтыр 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошол жылдын 15-октябрда өз каалоосу менен кызматтан кетерин жарыялап, 16-октябрда анын милдетин аткаруу премьер-министрликке бекиген Садыр Жапаровго жүктөлгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG