Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Соболь: Путиндин "кылмыштуу режимине" каршы күрөштү улантам


Орусиялык оппозициячыл саясатчы Любовь Соболь. 3-август, 2021-жыл. Москва.
Орусиялык оппозициячыл саясатчы Любовь Соболь. 3-август, 2021-жыл. Москва.

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Любовь Соболь президент Владимир Путиндин "кылмыштуу режимине" жана кеңири жайылган коррупцияга каршы күрөштү улантарын билдирди. Бул тууралуу ал 21-октябрда "Настоящее время" телеканалына видеобайланыш аркылуу курган маегинде айтты.

"Мен өзүмдү коопсуздукта сезип жатамбы? Албетте, жок. Менимче Путиндин "кылмыштуу режими" менен күрөшкөн бир да адам өзүн толук коопсуздукта сезе албайт", - деди ал.

Соболь өз маегинде Навальныйга Сахаров атындагы сыйлыктын берилишине комментарий берип жатып, "бул наам оппозиция лидеринин түрмөдөн бошотулушуна өз салымын кошот" деген ою менен бөлүштү.

Камактагы орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйдын жакын санаалашы Любовь Соболь август айында Орусиядан чыгып кеткен. Ага чейин Москва соту Соболду уруксатсыз митингдерге чакырык жасаганы үчүн күнөөлүү деп тапкан. Ал ошондой эле, жакында Орусияда издөө салынгандардын базасына киргизилген. Соболь азыр кайда экенин ачыктоодон баш тартты. Айрым маалымат каражаттары ал Эстонияда баш калкалап жатканын жазышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG