Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Суданда өзгөчө абал киргизилди


Хартум шаары. 25-октябрь 2021-жыл
Хартум шаары. 25-октябрь 2021-жыл

Суданда өзгөчө абал киргизилди. Анын алдында Чыгыш Африкадагы өлкөнүн коопсуздук күчтөрү премьер-министрди жана бийликтин бир нече аскердик эмес мүчөсүн кармап кетишкен. Маалымат каражаттары “аскердик төңкөрүш” болгонун жазышууда.

Генерал Абдел-Фаттах Бурхан 25-октябрдагы теле кайрылуусунда башкаруудагы көз каранды эмес кеңешти жана убактылуу өкмөттү таркатып жибергенин билдирди.

Буга чейин Маалымат министрлиги куралдуу күчтөр убактылуу бийликтин аскердик эмес мүчөлөрүн кармашканын “Фейсбуктагы” баракчасынан билдирген. Алар азыр кайда экени белгисиз.

Оппозициялык кыймыл калкты “аскердик төңкөрүшкө” каршы чыгууга үндөдү.

Баш калаа Хартумга аскерлер жайгаштырылып, карапайым элдин кыймыл-аракеттери чектелди. "Рейтерс" агенттиги кабарлагандай, шаардын бир нече жеринде улуттук желектерди көтөрүп алган адамдар нааразылыгын билдирип, дөңгөлөктөрдү өрттөп жатышты.

"Ал-Арабия" телеканалынын маалыматына караганда, Хартумдун аэропорту жабылып, эл аралык каттамдар токтоду.

Буга чейинки төңкөрүш Суданда 2019-жылдын апрелинде болгон. Ошондо өлкөнү 30 жыл башкарган Омар Бешир кызматынан кетип, аскерлер бийлик аларга өткөнүн жарыялашкан. Андан кийин армия жана жарандык лидерлер бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашышып, Судан демократиялык багытта кетет деген үмүт пайда болгон.

Бурхан жакында башкаруудагы кеңештеги бийликти аскердик эмес өкүлгө өткөрүп бермек.

АКШ, Европа Биримдиги жана Африка шериктештиги төңкөрүш аракетине байланыштуу камтамасын билдирип, тараптарды сүйлөшүүлөргө чакырышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG