Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

31-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот


Бишкек.
Бишкек.

Гидрометагенттиги 31-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 4...9,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2, күндүз 5...10,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -1...-6°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 1...3, күндүз 12...14°.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG