Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Кытай, Орусия Түндүк Кореянын санкцияларын жеңилдетүүгө чакырды


Түндүк Корея, сентябрь., 2019-жыл
Түндүк Корея, сентябрь., 2019-жыл

Кытай жана Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешин Түндүк Кореяга каршы санкцияларды жеңилдетүүгө чакырышууда. Тиешелүү резолюциянын долбоорунда ал өлкө туш болгон экономикалык каатчылык, карапайым элдин кыйынчылыктары тууралуу айтылат. Документ деңиз азыктарына жана текстиль экспортуна, кайра иштетилген мунай продукциясынын импортуна киргизилген чектөөлөрдү, түндүк кореялык жарандардын чет өлкөлөрдө иштөөсүнө салынган тыюуну алууга үндөйт.

Долбоор Кытай менен Орусия 2019-жылы иштеп чыккан документтин кеңейтилген варианты. Ага Батыш мамлекеттери каршы чыгышкан жана добуш берүүгө чейин жеткен эмес.

Ысымдарын атабаган дипломаттар бул ирет да ушундай болушу мүмкүн деп айтышат. Буга Пхеньян БУУнун санкцияларын бузганы себеп.

АКШнын Улуттар уюмундагы миссиясы президент Жо Байдендин администрациясы санкциялар режимин жактай турганын, санкциялардын бузулуп жатышына көбүрөөк көңүл буруу керек деп эсептерин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG