Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Өзбекстанда үч журналист соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда үч журналист жана жеке ишкер айым "жалаа жабуу", "бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү" сыяктуу айыптар боюнча соттолду. Өлкөнүн Жогорку соту 3-ноябрда ырастагандай, Кашкадарыя облустук соту Effect.uz сайтынын мурдагы кабарчысы, азыр Taftish.uz басылмасында иштеп жаткан журналист Эльёрбек Тажибаевди үч жылга абакка кести.

Мындан тышкары Effect.uz сайтынын кабарчылары Акбар Нуримбетовдун эркиндиги үч жылга, Хамиджон Ахмедовдуку эки жарым жылга, ошондой эле жеке ишкер Гузал Худоёрованын эркиндиги эки жылга чектелди.

Сот аларды "бийлик өкүлүнө же жарандык милдетин аткарып жаткан адамга каршылык көрсөтүү", "тергөөгө же соттук териштирүүгө кийлигишүү", "жалаа жабуу" жана "кемсинтүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты. Сотто журналисттер менен ишкер айымдын күнөөсүн мойнуна алганы же четке какканы азырынча белгисиз.

Быйыл январда Effect.uz сайты учурда абакта жаткан блогер Отабек Сатторинин Термез районундагы сотунда тартылган видеону жарыялаган. Анда басылманын журналисттери менен соттун төрагасы Одил Бегимкуловдун ортосундагы кайым айтышуу тартылган. Журналисттер сотту чагылдырууга укугу бар экенин айтышкан.

Бул окуядан кийин Соттук кеңеш Effest.uz сайтынын журналисттерине каршы арыз жазып, аларды "ачык агрессияга барды жана соттордун кол тийбестигине шек келтирди" деп айыптаган. Ал эми ишкер Худоёрова сот залында журналисттерге колдоо көрсөткөнү үчүн жоопко тартылган.

Өзбекстан "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун сөз эркиндигинин абалы боюнча быйылкы рейтингинде бир тепкичке төмөндөп, 157-орунга жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG