Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Бишкектин четиндеги жол кырсыгы боюнча толук маалымат берилди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкектин четинде эл ташыган кичи автобус менен Honda Odyssey үлгүсүндөгу жеңил машине кагышканда, бир киши көз жумган.

Мурдараак эки адам өлгөнү тууралуу маалымат жаңылыш берилгенин Чүй облустук жол коопсуздугу башкы башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Каза тапкан адам кичи автобустун айдоочусу. Андан сырткары, 18 киши ар түрдүү жараат алышты.

Кырсык 7-ноябрда Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде түш ченде болгон.

Ички иштер министрлигинин октябрга чейинки маалыматына караганда, Кыргызстанда жол кырсыгында набыт болгондор жыл башынан бери 500дөн ашты.

2020-жылы 754 адам көз жумган. 2019-жылы 760 кишинин өмүрү аварияда кыйылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG