Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:04

Гепатит жугузуп алгандар нааразылык акциясына чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда гепатитке чалдыккандар жана алардын жакындары болуп жалпысынан 20дан ашуун киши бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына нааразылык акциясына чыкты.

Алар оорунун алдын алуу үчүн калкты вакцина менен камсыз кылууну өлкө жетекчилеринен талап кылды. Ошондой эле гепатит жугуу ыктымалдуулугу жогору мекеме, ишканаларды текшерүүгө алууну, Индиядан боор алмаштыруу үчүн операциянын баасын арзандатуугө көмөк көрсөтүүнү президент Садыр Жапаровдон өтүнүштү.

"Жалпы кыргызстандыктарды, карапайым элди вакцина менен камсыз кылуу. Вакцина сайылса оору жайылбайт. Ушул убакка чейин элдин 80% гепатит менен ооруп жатат. Мамелкетке кызмат кыла турган маалында жаштар гепатитке кабылууда. Бир үйдө 7-8 киши ооруган учурлар бар", - деди акцияга чыккандардын бири.

Гепатитке чалдыккандар буга чейин дагы бир нече жолу нааразылык акциясын уюштурган. Алар дары-дармек жетишпей жатканын жана кымбат экенин айтып келишет. Мындан тышкары алар Кыргызстанда гепатитти аныктаган лабораториялардын көрсөткөн кызматы кымбат экенин, ушундан улам эл текшерилбей жатканын, ага карабай ооруканаларда текшерилбеген донор каны куюлуп, боор ооруларынын жугуштуу инфекциялары жайылып жатканын эске салышкан.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги боорду жабыркаткан гепатит оорусунун оор деген "В" жана "С" түрлөрүнүн 85% байкалбай жүрө бере турганын, бирок оорулуу адам башкаларга жугузуп жүрө берерин билдирген.

2020-жылдагы эсеп боюнча, өлкөдө жугуштуу гепатит 4805 адамдан аныкталса, 2019-жылы оору 6,6 миң кишиден жаңы табылган. Бейөкмөт уюмдар сарыктын "В" түрүнө чалдыккандар жүз миңдеп санала турганын айтып, ага каршы жапырт эмдөө жүргүзүүнү талап кылып келет.

Гепатит - боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын "А", "В", "С" түрлөрү бар. "А" түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калган эки формасы кан аркылуу жугат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG