Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:25

Статком быйыл буудай аз жыйналганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2021-жылдын сентябрь айына карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 574 миң гектар аянттан жыйналып алынды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда дээрлик 1% көп. Ошону менен катар, чабылган аянттан 1,3 миллион тонна дан (баштапкы кириштелген салмакта буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) же 29% аз жыйналды.

"Быйыл жайдын аномалдуу ысык болушу жана сугат мезгилинде суунун жетишсиздиги кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгүнүн кыскарышын шарттады. Жалпы республика боюнча буудайдын өткөн жылдын ушул күнүнө караганда дүң жыйымы 42,1%, арпанын - 46,1%, май өсүмдүктөрү - 25,5%, бакча өсүмдүктөрү - 13,3%, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 4,2%, жүгөрү - 3,7%, картошка - 2,7% жана жашылчанын түшүмү - 0,9% кыскарды", - деп жазылат статкомдун маалыматында.

Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбаттоо өкүм сүрүп турган чак. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттады.

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1 150 тонна буудай уну, 75 тонна кумшекер жана 50 тонна соя майын бергенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 11-ноябрда билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG