Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:37

Алайда окуучулар үгүткө аралашканы үчүн билим берүү башчысы иштен кетти


Алай району.
Алай району.

Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында окуучулар үгүт иш-чарасына катышкандыгы үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Мусаев өз каалоосу кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Өкүлчүлүктүн маалыматында, 5-ноябрь күнү Гүлчө айылындагы Маданият үйүндө "Бүтүн Кыргызстан" партиясы эл менен жолугушуу өткөргөн. Ага №2 Т. Отунчиев атындагы мектеп гимназиясынын 10-класстагы окуучулары катышканы аныкталган.

Натыйжада мектеп директору Гулмира Раимкуловага сөгүш жарыяланып, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Мусаев өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Буга чейин социалдык тармактарда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Алай районундагы жолугушусуунда улуттук кийимчен жаш кыздар саясатчы Адахан Мадумаровду боорсок менен тосуп алганы тартылган тасма тараган. Анда мектеп курагындагы жигиттер дагы партиянын моюн орогучун тагынып, желегин көтөрүп турганын көрүүгө болот.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоо мыйзамынын 28-беренесинде үгүт иштерин окуу жайлардын имараттарында өткөрүүгө тыюу салынган. Ошондой эле, үгүт иш-чараларына жашы жете электерди тартууга мыйзам жол бербейт.

"Ушундан улам орто мектептин жетекчилиги тарабынан ыктымал болгон "административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактысын" текшерүү зарыл экени БШКнын сайтындагы маалыматта белгиленген.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын өкүлү шайлоочулар менен жолугушууга окуучуларды атайылап алып келүү болбогонун "Азаттыкка" билдирди. Алар студент экенин айтышкан. (DU)

XS
SM
MD
LG