Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 02:34

Коронавирустан вакцина албаган дагы эки бейтап кайтыш болду


Бишкек. Коомдук транспортту тазалоо учуру.

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19дан дагы эки киши каза болду.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 14-ноябрда билдиргендей, экөө тең вакцина албагандар.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 2704кө жетти.

Республика боюнча вирус дагы 74 кишиден табылды. Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 182 341, айыккандар 176 824 кишини түздү.

Ушу тапта стационарларда 564 бейтап оору менен алышып жатат. Үй шартында (амбулатордук) 721 адам дарыланууда.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG