Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Жыргалаңда кароосуз калган шахта урап, адам өмүрү кыйылды


Баткенде каралбай калган шахталардын бири
Баткенде каралбай калган шахталардын бири

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында кароосуз калган шахта урап, өз алдынча көмүр казып жүргөн 58 жаштагы тургун каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. Маркумдун беш баласы бар.

Окуя 13-ноябрь кечке жуук катталган. Куткаруучулар сөөктү "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Кыргызстанда шахталарда адам өмүрүн алган кырсыктар тез-тез катталып турат. Быйыл 15-январда Баткен облусунун Лейлек районундагы Коргон айыл аймагындагы кароосуз калган көмүр шахтасында жарылуу болуп, 45 жаштагы киши каза тапкан. 8-июнда Сүлүктү шаарындагы шахта кырсыгынан 20 жаштагы жигит кайтыш болгон. 15-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Өрүктү тилкесинде шахта урап, 46 жана 44 жаштагы эки киши көз жумган.

Шахталарда кырсыктар коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан жана кароосуз, иштебей калган шахталарга уруксаты жок, өз алдынча кирип көмүр казган учурларда катталат. (JsA)

XS
SM
MD
LG