Кыргызстанда быйыл көмүрдүн баасынын кымбаттыгына ортомчулардын аракети себеп экенин "Кыргызкөмүр" ишканасынын директору Мирлан Жакыпов "Азаттыкка" билдирди.
"Бишкектеги ортомчулар кенден көмүрдү элге жеткирип берет. Ошолордун баары бааны жасалма көтөрүп, 6000 сомго чейин жеткизип, ортодон 3700 сом пайда көрүп жатышат. Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн бир тоннасынын баасы 1330 сом. Бүгүнкү күндө күйүүчү май баасын, дөңгөлөктү күндө алмаштырганын кошсо да Кара-Кечеден ташылган көмүрдүн бир тоннасы 1200 сом болот. Калган чыгымдары менен 2500 сом. Ортодон өздөрү да пайда көрүшү керек. Мурдагы жылдары үстүнө 1000 сом кошуп, пайда көрүшчү. Ошону менен ашып кетсе бир тонна көмүрдүн баасы 3500 сом болчу".
Мирлан Жакыпов өкмөт көмүрдүн баасын бир жума ичинде турукташтыруу боюнча аракет көрүп, тиешелүү жетекчилерге тапшырма берилгенин кошумчалады.
Өлкөдө суук түшкөнү көмүрдүн баасы кескин кымбаттап кетти. Азыр бир тонна кара отун 5900-6500 сомго чейин чыкты деген нааразылыктар айтылып жатат. Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча акыркы бир ай ичинде көмүр дээрлик 15% кымбаттады.