Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Президент Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин жыйынына катышат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт. Президенттин басма сөз кызматы ага кеңештин мүчөлөрү, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардагы өкүлдөрү катышарын билдирди.

Иш-чарада коррупцияга каршы мамлекеттик саясат, жемкорлукка каршы мыйзамдарды ишке ашыруу талкууланат.

Жыйын Коомдук телерадио корпорациясы (КТРК), республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында көрсөтүлөт. Түз эфир 10:00дө башталат.

Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш быйыл июль айында түзүлгөн.

Дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюму жарыялаган ушул жылдагы баяндамага ылайык, Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээлеген. Эл аралык уюмдун маалыматына ылайык, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 100 баллдын ичинен 31 балл алып, коррупция күч алган мамлекеттердин катарына кошулган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG