Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын кимдер алары айтылды


Коронавируска каршы эмдөө алууга чакырган жазуу. Медициналык мекемелердин бири.
Коронавируска каршы эмдөө алууга чакырган жазуу. Медициналык мекемелердин бири.

Коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү (кошумча) дозасын кимдер алары тууралуу маалымат берилди.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова "Азаттыкка" билдиргендей, төмөнкү категориядагы жарандар кошумча дозаны сайдырса болот:

  • орточо жана оор иммундук жетишсиздиги бар адамдар;
  • мурда Sinopharm, Sinovac жана башка вакциналарды алган 60 жаштан жогорку курактагылар;
  • коронавирус инфекциясын жугузуп алуу коркунучу өтө жогору болгон медициналык кызматкерлер.

Кошумча доза алуу үчүн жаран Кыргызстанда бар каалаган препаратты колдонууга акылуу.

Өлкөдө вакцинанын алты түрү акысыз сайылат. Вакцина 18 жаштан жогору курактагыларга берилет. Эмдөө көрсөткүчү 18-ноябрга карата кырк пайыздын тегерегинде болууда.

Адистер коомдук иммунитет калыптанышы үчүн 2,5 миллиондой киши, тагыраагы 18 жаштан жогорку жарандардын 70% толук эмделиши зарылдыгын айтышат.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө коронавирус менен расмий катталгандардын саны 183 миңге жакындап калды, алардын 2700дөн көбү каза болду.


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG