Ушул жылдын апрель-октябрь айларында Кыргызстанда электр энергиясын керектөө лимити 530 миллион кВт/с же 10,4% ашып кетти. "Улуттук энергохолдинг" ишканасы белгиленген лимитти сактабаса, Токтогул суу сактагычындагы суу тартылып, электр энергиясын берүүдө чектөө киргизүүгө алып келиши мүмкүн экенин билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, апрелден сентябрга чейин Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши акыркы төрт жылдагыдан бир топ аз болду. Ушундан улам Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын импорттоо жана алмашуу боюнча келишимдер түзүлгөн.
Жыл сайын Кыргызстанда дээрлик 15 миллиард кВт/с электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок керектөө көбөйүп бараткандыктан бул жетпейт.
Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык кризиске туш болду. Буга байланыштуу "Түндүк электр" ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген. Кадамжайда электр энергиясын көп талап кылган жылыткычтарга мөөр басылган окуя катталды.
Бийлик, Энергетика министрлиги элди электр жарыгын үнөмдөп пайдаланууга чакырып, кышында өчүрүү болбой турганын билдирип келет. (BTo)