Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

БШК Момбековдун дипломуна байланыштуу маселени сот чечиминен кийин карайт


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Бүгүн, 19-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Социал демократтар партиясынан депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбековдун диплому боюнча маселени карап, тергөө жана соттун жыйынтыгынан кийин чечим кабыл алууну чечти. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын мындай сунушун жумушчу топтун мүчөлөрү колдоду. Рыскелди Момбеков талапкер катары үгүт иштерин уланта берет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 18-ноябрда Боршайкомдун жыйынында Рыскелди Момбеков "экинчи жогорку билимин биринчи жасалма диплому менен мыйзамсыз алганын" маалымдаган.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө, Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүткөнү тууралуу жасалма диплом алган. Бул жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, эки жылдан кийин экинчи жогорку билимге ээ болгон.

Саясатчынын өзү мындай айыптоону кескин четке какты. БШК жыйынында Момбеков дипломдор жоголуп кеткени, бирок Дипломатиялык академиянын дипломунун көчүрмөсү бар экени айтты.

Рыскелди Момбеков – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты. Ал 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого Социал-демократтар партиясынан талапкер болуп баратат.

Ушул эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу №28 Октябрь шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешев боюнча УКМКнын билдирүүсүн дагы карады. БШК токтом кабыл алып, анда УКМКнын маалыматын эске алуу, Жоруктар кодексинин 44-беренеси ("Үгүт иштерин жүргүзүүнүн шарттарын бузуу") боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн жоопкерчилигин кароо, талапкерге штабында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча чечим болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG