Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

"Кумтөр иши" боюнча камалган саясатчылардын тарапташтары сот алдына чогулушту


Асылбек Жээнбековдун тарапташтары сот алдында.
Асылбек Жээнбековдун тарапташтары сот алдында.

"Кумтөр иши" боюнча камалган саясатчылардын тарапташтары Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдына чогулушту. Алар саясатчыларды абактан бошотууну жана соттон акыйкат чечим чыгарууну талап кылып жатат.

Бүгүн, 25-ноябрда сот "Кумтөр ишине" байланыштуу кармалган саясатчылар Асылбек Жээнбеков, Тайырбек Сарпашев, Данияр Нарымбаев жана Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын карап жатат.

Аталган саясатчылар Кумтөр кениндеги жемкорлукка байланыштуу кармалышкан.

"Кумтөр иши" боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак берген. Айрымдары камалып, тергөө менен кызматташканы үчүн ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккандар да бар.


Жакында ушул иш боюнча кармалган мурдагы премьер-министрлер Темир Сариев менен Жоомарт Оторбаевдин бөгөт чарасы сот тарабынан өзгөртүлүп, үй камагына чыгышты.

УКМКнын Кумтөр боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген.

Айыпталып жаткандар жана алардын адвокаттары коюлган айыпты четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG