Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:20

"Тегеран-43" фильминин режиссеру Владимир Наумов дүйнөдөн кайтты


Владимир Наумов. Архивдик сүрөт
Владимир Наумов. Архивдик сүрөт

СССРдин эл артисти, кинорежиссер Владимир Наумов 94 жашында көз жумду. Бул тууралуу Орусиянын кинематографисттер биримдиги маалымдады.

Маркум 1927-жылдын 6-декабрында Ленинград шаарында туулган. Ата энеси экөө тең кинодо иштечү. Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун (ВГИК) аяктагандан кийин режиссер Игорь Савченконун ассистенти болуп иштеген.

Көп жылдар бою дагы бир белгилүү режиссер Александр Алов менен кызматташып, 11 фильмди чогу тартышкан.

Алардын арасында “Тиль жөнүндө уламыш”, “Тандоо”, “Жээк”, “Тегеран-43” тасмалары бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG