Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Беларус: прокуратура активист Рабкованы 20 жылга кесүүнү көздөп жатат


Активист Марфа Рабкова
Активист Марфа Рабкова

Беларус прокуратурасы адам укуктарын коргоочу активист Марфа Рабкованы 20 жылга чейин кесүүнү көздөп жатат.

"Вясна" укук коргоо борборунун кооординатору былтыр талаштуу президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциялары маалында кармалган. Борбордун маалыматына караганда, Рабковага жапырт тополоң уюштуруу, тополоңго катышууга, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттерге чакыруу, экстремисттик уюм түзүү, бейбаштык беренелерин кошкондо жалпы 13 айып тагылууда.

Күнөөлүү деп табылса, ал 20 жылга абакка кесилиши ыктымал. Рабкова айыптарды четке кагып, иштин саясий жүйөсү бар экенин белгилеп келет.

Былтыркы шайлоону 26 жылдан бери бийликте келаткан автократ жетекчи Александр Лукашенко жеңгенин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирген. Добуш берүүнүн бурмаланганына каршы чыккан элдин нааразылык акциялары күч менен басылып, куугунтуктоо азыркыга чейин уланып келет.

Батыш шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес жана беларус бийлигине каршы санкция салган. Оппозиция лидерлеринин айрымдары кармалса, башкалары чет өлкөлөрдө баш калкалап жүрүшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG