Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Бишкекте Иван Панфиловдун жаңыланган эстелиги ачылды


Иван Панфиловдун жаңы эстелиги. Бишкек. 5-декабрь, 2021-жыл.
Иван Панфиловдун жаңы эстелиги. Бишкек. 5-декабрь, 2021-жыл.

Бүгүн, 5-декабрда Бишкектеги Панфилов атындагы паркта Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун жаңыланган эстелиги ачылды.

Мэрия билдиргендей, иш-чарага Башкы штабдын башчысы Эрлис Тердикбаев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Орусиянын Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козлов, Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизиясынын жеке курамы жана шаар тургундары катышты.

Генерал-майор И.В.Панфилов бир мүнөттүк тыныгуу менен эскерилип, Ардак кароол ротасы үч жолу залп атты.

Ардак кароол.
Ардак кароол.


Иван Панфиловдун эстелигинин жаңы нускасы Орусиянын Екатеринбург шаарында колодон куюлган. Эстеликтин бийиктиги тогуз метр.


1942-жылы тургузулган эски эстелик Балыкчы шаарындагы Панфилов жетектеген дивизия жайгашкан жерге орнотулду.

Айкел Панфилов жетектеген дивизиянын эрдигинин 80 жылдыгына карата жаңыланганы белгилүү болду.

1941-жылы 5-декабрда Экинчи дүйнөлүк согушта немистердин баскынчылыгына каршы Кызыл Армия негизги контрчабуулга өткөн. Анда панфиловчулар эрдик көрсөтүшкөн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG